• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз эли өлкөдө диктатурага жол бербейт – Конституциялык кеңешменин мүчөсү

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Муратбек Иманкулов бүгүн брифингдин жүрүшүндө эмне үчүн эл бийликти узурпациялоодон коркпошу керектиги тууралуу айтып берди.

Ал билдиргендей, Кыргызстанда эч качан диктатура орнобойт, анткени кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл.

"Мыйзам да буга жол бербей тургандыгын баса белгилеп кетким келет. Жаңы Конституцияда бир жагынан алып караганда президенттин ыйгарым укуктары кыскартылса, бир жагынан кошулууда. Өлкө башчысынын айрым укуктары парламетке өткөрүлүп берилет. Ошондой эле учурда парламент кандай болушу керек деген маселе каралууда. Бир палаталуу же эки палаталуу? Биз тең салмактуулук принцибин аныктап алуубуз керек", - деп билдирип, жаңы Конституция авторитаризмге жол бербей тургандыгын баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий