• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алдыңкы кызматкерлердин эмгеги бааланды

Коом 0

Бишкек, 29.08.17. /Кабар/. Бүгүн 29-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Мамлекеттик кадр кызматынын сыйлыктары менен сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чара КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чараны КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. “Эгемендүүлүк бул улуу майрам. Биз бүгүнкү күндө көз карандысыз өз алдынча эркин мамлекетпиз. Алдыда абдан жоопкерчиликтүү экономикалык максаттар бар. Учурда мамлекеттик кызматтын эң жогорку тепкичтеринде өлкө үчүн кызмат кылууну каалаган амбициялуу жаштар келип жатат. Бул абдан жакшы! Мамлекетибизди биримдикте өнүктүрөйлү ага сиздер да ортоктошболуп, өз салымыңыздарды кошуңуздар”, - деди ал.

Эгемендүүлүк күнүнө карата Мамлекеттик кадр кызматы 57 мамлекеттик , 28 муниципалдык алдыңкы кызматкерге “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги” жана “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгилери менен сыйлады. Мындан сырткары кызматында өз иши менен өзгөчөлөнгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Татыктуулар сыйланып бүткөндөн кийин Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Шатемирова Валентина “Эгемендүүлүк майрамынын алкагында биздин эмгегибизди баалап, ушундай салтанаттуу иш-чараны уюштуруп жатканыңыздарга чоң рахмат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги дайыма ишибизди колдоп келди. Биз мындан ары да татыктуу кызматкерлерден болууга тырышабыз”,- деди.

Бул салтанаттуу иш-чарага Президенттин, Өкмөттүн аппаратынан да ардактуу коноктор келишип, ошондой эле ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын алдыңкы кызматкерлери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий