• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алматыда блокпосттор алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Алматы Полиция департаменти 4-майда шаарда блокпосттор алынганын, жашоочулар калаа ичинде эркин жүрө баштаганын билдирди.

"Шаар ичинде эркин жүрүүгө болот. Бирок гигиена жана коронавирус инфекциясынан сактануунун башка чараларын унутууга болбойт", – деп билдирди департаменттин расмий өкүлү Салтанат Азирбек.

Шаардын четиндеги 27 блокпост алынган жок. Алматыга кирүү жана чыгуу мурдагыдай эле атайын өткөрмө менен ишке ашууда.

Казакстанда 15-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылган. 19-мартта Нур-Султан жана Алматы шаарлары, андан кийин дагы бир нече ири шаар карантинге жабылган. Бир нече күн мурун бийлик 4-майдан тарып ишканалар акырындык менен ачыларын билдирген.

1-майдан бери Нур-Султан — Алматы багыты боюнча учактар каттай баштаган. 4-майдан кийин бул эки шаардан Кызылордо, Петропавловск, Усть-Каменогорск жана Семей шаарларына учууга уруксат берилди.

Казакстанда 4-майга карата коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны 4 миңден ашты, 1173 адам илдеттен айыгып чыкты, 29 бейтап көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий