• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 230га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Тажикстанда COVID-19 коронавирусун жугузган кишилердин саны 230га жетти. Бул тууралуу Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, акыркы суткада өлкөдө 102 киши вирус жуктуруп алган. Жалпысынан үч киши көз жумду.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги Душанбеде 110, Согди облусунда 70, республикага түз караган райондордо 22, Хатлон облусунда 21, Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда 7 киши илдетке кабылганын белгиледи.

Ушул тапта 3208 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө, 244 кишиден анализ алынып, үйлөрүнө жиберилди.

COVID-19га каршы күрөшкөн республикалык штаб оорунун тарап кетишин токтотуу үчүн бир катар чараларды күчөттү. Бардык жарандар беткап менен гана көчөгө чыга алышат. Жогорку окуу жайлардын I, II, III курстарынын студенттери каникулга тарады. Мектептер менен бала бакчалар 27-апрелден 10-майга чейин чукул каникулга чыгышты.

30-апрелден тартып бардык базарлар жабылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери кирген миссиясы Душанбеге 1-майда келди.

Пикир

Оставить комментарий