• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алматыда ПЧР-тесттерди жана эмдөө паспортун жасалмалаган медкызматкерлер кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Полиция Алматыдагы үч медициналык мекеменин кызматкерлери ПЧР-тесттерди жана эмдөө паспортун жасалмалоого шектелип жатканын кабарлады.

Шаардын криминалдык полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, эки жеке клиниканын кызматкерлери биоматериал албай туруп, сыйакыга ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын берип турушкан.

Жеке тинтүүнүн алкагында ПЧР-тесттерин жыйынтыктары жана акчалай каражаттар табылган.

Бул арада №4 шаардык клиниканын медайымы да кармалды. Маалыматка караганда, ал 15 миң теңге акчага жарандын эмдөө алганы тууралуу жалган каттоо жүргүзүп турган.

Өткөн аптада Казакстандын коррупцияга каршы кызматы Акмоло жана Алматы облустарында эмдөө паспортторун жасалмалаган медициналык кызматкерлерди кармаган.

Пикир

Оставить комментарий