• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев: “Өлкөдөгү туруктуулукту каалабаган күчтөр бар”

Президент 0

Бишкек, 6-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Кыргызстан кыйла жеңил эмес жолду басып өттү. Бирок өлкөдөгү туруктуулукту каалабагандар али көп”, - деп билдирди бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев. “Өлкөбүз кыйын жолду басып өттү.

Элибиз көп сыноолорду башынан кечирди, бирок бул журтубуздун кайратын кетирген жок. Эң башкысы кыргыз эли өз жолунун татаал ашууларын ашып өттү. Эми элибизге тынчтык, өнүгүү жана умтулуу гана керек”, - деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчы Кыргызстандын туруктуулугун, өнүгүшүн каалабаган айрым күчтөр бар экендигин белгиледи. Алар чөнтөктөрүн толтуруу үчүн революция жана башаламандыктардын болушун каалап жатышкан чыгаар.

“Апрель окуяларынан кийин кээ бир саясатчылар бийликке, акчага ээ болушуп, эми муну жашырууга тырышып жатышканын билесиздер. Кыска убакытта миллионер жана мультимиллионер болуп чыгышты. Алардын кесепетинен өлкөбүз толук кандуу өнүгө албай жатат. Бирок, мындай саясатчылардын “ыплас” иштеринин бардыгы ачыкталат деп ишендирип кетким келет”, - деп билдирди мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий