• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти менен жолугушту

Билим 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга ошондой эле Түрк академиясынын президентинин орун басары Аскат Кесикбаев жана Түрк академиясынын мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Конкобаев дагы катышты.

Дархан Кыдырали Түрк академиясынын учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, кызматташтыктын алкагында чыккан китептер, ошондой эле жакынкы келечекте Академиянын алдында турган приоритеттүү пландар менен тааныштырды. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун алкагында жүргүзүлүп жаткан биргелешкен иш-чаралар тууралуу жана түрк элдеринин географиясы менен адабиятын чагылдырган биргелешкен китептерди чыгаруу пландары жөнүндө айтып берди.

Алмазбек Бейшеналиев түрк элдеринин тарыхын жана маданиятын мындан ары кеңири жайылтуу максатында кызматташууну күчөтүүгө министрлик даяр экендигин айтты. Ошондой эле, Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын мүчөсү болгон өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана кызматташтыкты бекемдөөдө маданий-гуманитардык кызматташуу маселеси маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги менен Түрк академиясынын ортосундагы кызматташтыктын улантылуусу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий