• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алымбек датканын 220 жылдык мааракеси белгиленет

Коом 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Айтылуу тарыхый инсан Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт. Мааракени уюштуруу милдети Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде маарекелерге карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, мааракеге арналган иш-чаралардын алкагында бир нече илимий-конференциялар өткөрүлөт. «Азыр Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын сунуштарын күтүп жатабыз», - деди Азамат Жаманкулов.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Алымбек датканын өмүр жолун ар жаран жакшы билиши керек экенин белгилесе, депутат Марлен Маматалиев Алымбек датка жөнүндө көркөм фильм тартуу керектигин айтты.

Эске салсак, 1799-жылы Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. Ал Мадали хандын чакыруусу менен Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжыян жана Ош шаарларынын беги болуп турган.

Пикир

Оставить комментарий