• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев Женевада Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын сессиясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Женевада (Швейцарияда) Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 75-сессиясына катышууда. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара бүгүн, 22-майда башталды жана ага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кирген бардык өлкөлөрдүн делегациялары катышууда.

Бул сапардын алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо максатында КР саламаттык сактоо министри Бейшеналиевдин дүйнөнүн бир катар ДССУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары менен жолугушуулары пландаштырылууда. .

Бул иш-чаранын күн тартибинде саламаттыкты сактоо тутумуна тиешелүү бир катар маселелерди кароо кирет, мисалы: сламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камсыздоогожетишүү, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча чаралар, саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдардан эффективдүү коргоону камсыз кылуу, ден соолукту жана бакубатчылыкты жакшыртууну камсыз кылуу, анын ичинде глобалдык стратегиялар жана саламаттыкты сактоо боюнча иш-чаралардын пландары.

Маалымат үчүн: Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жогорку чечим кабыл алуучу органы болуп саналат. Ассамблеянын негизги функциялары: уюмдун багытын аныктоо, Башкы директорду дайындоо, уюмдун финансылык ишмердигин көзөмөлдөө, сунушталган программалык бюджетти кароо жана бекитүү. Анын жылдык сессиялары Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий