• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлигинде Кытайдан келген делегация менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев Кытайдын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Рун Си Цай башында турган делегацияны кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу боюнча меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгүн, кызматташуунун келечегин, ошондой эле негизги багыттарын талкуулашты.

Министрдин орун басары Чаначев майыптарды социалдык камсыздандыруу, эмгек укуктарын коргоо, улгайган жарандарды жана майыптарды, аялдарды жана жаштарды социалдык жактан камсыздоо багытында кызматташууну сунуштады. Ошондой эле социалдык чөйрөдө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында дагы кызматташуу жөнүндө баса белгиледи.

Өз кезегинде кытай тарап кызматташууга кызыктар экенин билдирип, айтылган сунуштарды министрликтин жетекчилиги менен талкуулоо зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий