• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. 10-декабрь күнү Түркиянын Эскишехир шаарындагы Османгази университетинде Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси К.Өмүралиев, Эскишехир провинциясынын губернаторунун орун басары А.Авшарбей, Османгази университетинин ректору К. Шеножак ж.б. катышкан.

Иш-чаранын алкагында Чынгыз Айтматовдун бюстунун ачылышы, сүрөтчү Тажигүл Күндүздүн (түркиялык кыргыз) "Жамийла" аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өткөн.

Иш чаранын соӊунда Өмүралиев, Османгази жана Анадолу университетинде билим алган кыргыз студенттери менен жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий