• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы райондук маданият бөлүмдөрү заманбап үн күчөтүүчү жабдуулар менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү бардык райондук маданият бөлүмдөрүн акыркы үлгүдөгү музыкалык үн күчөтүүчү аппаратуралардын толук топтому менен камсыздады. Ар бир топтомдун баасы 939 миң 210 сомду түзөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим дээрлик аймактардагы маданият бөлүмдөрүндө эскилиги жеткен музыкалык жабдыктар менен иштеп жатканы негиз болду.

Учурда аппаратуралар Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарына таратылып берилип, орнотулуп жаткан учур.

Жакынкы күндөрү ушундай эле аппаратуралар Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарына жеткирилет.

Министрликтен кошумчалашкандай, мындай аппаратуралар президент тарабынан маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий