• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык футбол калысы жайкы Олимпиада оюндарын тейлейт

Спорт 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. FIFA категориясындагы кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая эркектер жана аялдар арасындагы Олимпиада оюндарынын футбол боюнча турнирлерине дайындалды.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 10-августка чейин Францияда өтөт. Ага он алты эркектер курамасы жана кыз-келиндердин он эки курама командасы катышат.

Футбол боюнча турнирлер Франциянын жети стадионунда өтөт: "Велодром", "Групама", "Парк де Пренс", "Матмут Атлантик", Жоффруа Гишара ат.стадион, "Альянц Ривьера", "Божуар-Луи Фонтено".

Пикир

Оставить комментарий