• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык боксчу Басызбек Баратов Филадельфияда америкалык Тайрон Арзенону жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 13-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 10-мартта Филадельфиядагы "2300 Arena" аренасында кесипкөй бокс кечеси өтүп, ага кыргызстандык боксчу Басызбек Баратов катышты. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Тимур Шайлезов билдирди.

Анын айтымында, бардык раунддардын жыйынтыгы боюнча калыстар Б.Баратовго татыктуу жеңишин ыйгарышты. “Бул биздин боксчунун кесипкөй рингдеги экинчи жеңиши, буга чейин 2016-жылы 1 утуш жана 1 тең-тең жыйынтык көрсөткөн”, - деп билдирди машыктыруучу.

Ошондой эле, Т.Шайлезов бул беттештен соң дароо Б.Баратовго 1 таймаштык келишим сунушу түшкөнүн (учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө) билдирди. Бул беттеш 18-мартта Филадельфияда "Bayront Center" аренасында өтөт. Анын атаандашы америкалык Аурель Лав болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий