• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык Денис Петрашов Швейцарияда эки “алтын” утуп, сүзүү боюнча өлкөнүн жаңы рекордун койду

Спорт 0


Бишкек, 22.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык сүзгүч Денис Петрашов Швейцариядагы “51 Challenge International de Geneve” эл аралык турниринде эки алтын медаль утуп алды.

КРнын спорттун бул түрү боюнча федерацисынан билдиришкендей, турнир Швейцарияда 17-20-январда өттү.

Кыргызстандын курамасынын мүчөсү, эл аралык класстагы спорт чебери Петрашов 200 м аралыкка брасс финалдык сүзүүдө алтын медаль алып, Кыргызстандын -2.12.62 дистанциясында жаңы рекорд койду. “Бул көрсөткүч бул жаштар жана эркектер арасындагы престиждүү мелдештердин жаңы рекорду болуп калды”, - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Андан соң Петрашов 100м брасс дисциплинасында 1:01:45 убактысын көрсөтүп алтын жеңип алды.

“Денисти жеңиши жана мыкты натыйжасы менен куттуктайбыз”, - деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий