• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент катышкан «Мурас» турнири: Чейрек финалга чыккан командалар

Спорт 0

Бишкек, 08.12.23./Кабар/. Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтка айланган «Мурас» достук турниринин тайпалык оюндары орун алды.

Оюндар өткөн жолкудай эле эки локацияда - «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы спорт ордосунда (С жана Д топтору) өткөрүлдү.

Достук турниринде 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн эле. Алар:

  • «А» тайпасы – «Президенттин командасы», «Фемида», «Өнөр», «Журналисттер».
  • «B» тайпасы - «Билим», «Жогорку Кеңеш», «Ден соолук», «Аймактар».
  • «C» тайпасы - «Спорттук федерациялар», «Бизнес», «Ыйман», «Достук».
  • «D» тайпасы - «Коопсуздук», «Алга», «Банкттар», «Спорт жылдыздары».

Тайпалык этаптын алкагында командалар 3 турдук беттештерди өткөрүп, жыйынтыгында эң көп упай топтогон эки команда кийинки баскычка өтмөк.

Аталган оюндардын жыйынтыгы менен эми чейрек финалдык этапта төмөнкү жуптар ойнойт:

  • 10:00 — «Президенттин командасы» - «Спорттук федерациялар»;
  • 10:30 — «Достук» - «Фемида»;
  • 11:00 — «Ден соолук» - «Алга»;
  • 11:30 — «Спорт жылдыздары» - «Билим».

Оюндар эртең «Газпром» спорт компексинде өтүп, чейрек финалдык оюндардан соң жарым финалдык жана финалдык беттештер орун алат.

Мелдештин түз алып берүүсү УТРК Спорт жана ЭЛТР каналдарында жеткиликтүү болот.


Сергек жашоого үндөгөн бул турнир Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий