• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өндүрүш ишканаларынын курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш ишканаларынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Анда Акылбек Жапаров Кемин районундагы “Терек-Таш” ЖЧКнын цемент заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жаңы заманбап цемент заводун курууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Терек-Таш” ЖЧКнын ортосунда 45 млн долларлык келишимге кол коюлду.

Жаңы заводдун ишке кириши менен салык төлөмдөрүнүн суммасы жылына 700-800 млн сомго жетип, жумуш орундарынын саны 650 болот. Ал эми Кыргызстан менен Россия жана ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жылына 8 млн доллардан ашуун болоору күтүлүүдө.

Андан соң Токмок шаарындагы “Борбор Азия - Тамеки” ЖЧКнын тамеки заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш ишин кийинки жылдын жаз мезгилине бүтүрүү пландалууда. Заводдо өндүрүлгөн продукция негизинен экспортко чыгат, 2 миң жумушчунун басымдуусу жергиликтүү жашоочулар болоору айтылды.

Ошондой эле Ысык-Ата районундагы “Асылташ плюс” ЖЧКнын керамика плиткаларды чыгаруучу заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда курулуш ишине 120 адам жумушка тартылган, ал эми завод ишке киргенден тартып 220 адам жумуш менен камсыз болот жана жылына 3 000 000 м2 плиткаларды чыгарат. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 25 млн доллар бөлгөн.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыккан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекетке инвестиция салууга кызыкдар инвесторлор менен иш алып барууга мамлекет ар дайым колдоо көрсөтөөрүн жана даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий