• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бизнес эртеңки күнгө ишеним артканда гана, инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу мүмкүн - Өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. «Бизнес эртеңки күнгө, жеке коопсуздугуна жана кол тийбестигине ишеним артканда гана, инвестициялардын көлөмүн жогрулатуу мүмкүн», - деп билдирди бүгүн, 28-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдар өлкөдө ишкердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө максималдуу күч-аракетин жумшоосу тийиштигин өзгөчө белгиледи.

«Мында аймактык өнүгүү, айыл чарба жана экономиканын экспорттук тармактарына артыкча маани берилет. Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында облустарда жергиликтүү өндүрүштүк кубаттуулукту пайдалануу аркылуу жакынкы аймактарды экономикалык ишмердүүлүккө тарта алчу өнүгүү түйүндөрүн ишке ашыруу пландаштырылууда», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт ишинин негизги ыкмасы катары ишкердикти колдоо боюнча бирдиктүү аянтчаны жана иштиктүү механизмдерди түзүү максатында өлкөнүн бардык региондорунда “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштерди жүргүзмөкчү.

«Бизнес үчүн максималдуу дистанттык форматта мамлекеттик кызматкерлер менен байланышпагандай тейлөө кызматтарын көрсөтүү максатында электрондук ведомстволор аралык “Түндүк” кызматташуу системасы сыяктуу заманбап санариптик чечимдер ишке киргизилип жатат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр билдиргендей, Өкмөттүн ишинин негизги багыты катары салыктык жана бажы системасында электрондук фискалдаштырууну жана структуралык өзгөрүүлөрдү киргизүү менен атамекендик экономиканы көмүскөдөн легалдуу мейкиндикке этап-этабы менен чыгаруу болуп саналат.

«Биз салык төлөөнүн максималдуу жөнөкөй процедурасына, автоматтык режимге өткөрүүгө умтулабыз. Салыктык отчётторду тапшыруунун заманбап сервистери ишке киргизилип, бизнеске административдик кысым көрсөтүүнү жана текшерүүлөрдүн санын азайтуу үстүндөгү иштер улантылат. Ошондой эле салыктык жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү маселеси каралууда», - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, айыл чарбасында, жеңил өнөр жайында жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кыйла демилгелүү орто жана чакан бизнести жеткиликтүү финансылоого тыкыр көңүл бурулат. Ал үчүн бизнеске, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттер берилип, кепилдик фонддор системасы өнүктүрүлүп жатат.

«Булар менен катар 2019-жылы күчүнө кире турган жаңы Кодекстердин алкагында экономикалык маселелерди декриминалдаштыруу боюнча иштер күчөтүлөт. Буга байланыштуу чарбалык талаштарды чечүү үчүн ишкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Мындай маселелер административдик жана арбитраждык негизде чечилет. Ишкерлердин жана бизнестин кызыкчылыктарын өз учурунда жана максаттуу коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун киргизүү пландаштырылууда», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, ЕАЭБ менен катар Кытай, Өзбекстан, Европа өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыктар жакшыртылат.

«Өкмөт соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн өлкө экономикасын ЕАЭБге интеграциялоо, жаңы техникалык регламенттерди киргизүү, экспортёрлорго зарыл инфраструктураларды түзүп берүү, товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн бирдиктүү рыноктордо эркин жылып жүрүшүндөгү жаралган тоскоолдуктарды алып салуу боюнча иштерди улантат», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн бизнес менен кайтарымдуу байланышы бизнес чөйрөсүн жакшыртуу үчүн эффективдүү чечимдерди табууга мүмкүнчүлүктөрдү берип, ишкердиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртарына өзгөчө басым жасады.

Пикир

Оставить комментарий