• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасы Чүйдөгү бир катар ишканаларды кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Сокулук районундагы “Ийгиликтүү чарба” ЖЧКнын колбаса жана нан азыктарын чыгаруучу цехине барды. Ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 1,5 млн доллар бөлгөн. Эми долбоор ишке ашкандан тартып жылына мамлекеттик төлөмдөрдүн суммасы 3 млн сомдон ашып, ал эми жумуш орундарынын саны 30га жетет. Өндүрүлгөн продукциянын 50%ын Россия, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттерине экспорттоо күтүлүүдө.

Андан соң Чүй районундагы “Текстиль Транс” ЖЧКнын кездеме чыгаруучу фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жалпы эки этап менен 16,7 млн долларга жакын каражат бөлгөн. Учурда суткасына 25 тонна кездеме чыгарса, долбоор толук ишке ашкан соң дагы 10 миң тоннага көп продукция чыгарыла баштайт. Мында 134 адам жумуш менен камсыз болгон. Ал эми мамлекеттин бюджетине жылына 1,8 млн доллар берет.

Акылбек Жапаров ошондой эле, Ысык-Ата районундагы “Жар птица” дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Тоок фермасын өнүктүрүү аркылуу жумуртка өндүрүү максатында бул ишкана менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ортосунда 1,2 млн долларга келишим түзүлгөн. Долбоор толук ишке ашса жылына 132 миң тооктон 40 млн жумуртка өндүрүлүп, жаңы жумуш орундарынын саны 25ке жетет.

Өндүрүшчүлөрдүн иши менен жеринде таанышып чыккан Акылбек Жапаров “респубоикада өндүрүш ишканаларынын көбөйүшүнө мамлекет ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн, аны менен катар ак ниет ишкерлерибиз көп болсун”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий