• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.22./Кабар/. Массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шектелген жаран кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 7-декабрында социалдык тармактарда “B***KG” баракчасы аркылуу республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган баракчанын ээси, эч жерде иштебеген – А. Ж. аттуу жаран кармалды.

Ж.А. аттуу жарандын жашаган дарегинде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында далил катары бир нече уюлдук телефон, фотоаппарат, Dell, MacBook, Lenovo жана башка үлгүдөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталары табылып алынган.

"Шектүү жаран А.Ж. жашаган даректен, анын жакын 2 адамы техникалык каражаттардын басымдуу бөлүгүн алып, автоунаа менен качуу аракетин жасоо маалында милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, жогорудагы буюмдар алынган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, шектүүнүн дагы бир жакын адамы 1977-жылы туулган С.Н. аттуу жаран 9 даана ноутбукту аталган даректен жашыруун алып бара жаткан учурунда токтотулуп, андан соң өз ыктыяры менен буюмдарды тапшырууга аргасыз болгон.

Тинтүү иш-чараларынын жыйнтыгында алынган техникалык каражаттар булар:

  • 4 уюлдук телефон;
  • Sony үлгүсүндөгү 1 фотоаппарат;
  • 16 Lenovo, Dell жана башка үлгүсүндөгү ноутбуктар;
  • 15 MacBook үлгүсүндөгү нотбук;
  • 3 флеш-карта;
  • 1 Apple үлгүсүндөгү моноблок (компьютер);
  • 13 адаптер;
  • 3 планшет;
  • сырткы маалыматтарды сактоо дисктер;

Жалпысынан, шектүүгө таандык болгон техникалык каражаттарынын орточо баасы 3 млн сомдон ашык сумманы түздү.

"Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү А.Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды Temirov Life жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган", — деп айтылат ИИМдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Жогоруда айтылган фактылар боюнча тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талтарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарга) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүп жатат жана кошумча аныкталган ыкчам маалыматтар укуктук баа берүү үчүн толук кандуу текшерүлүүдө.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган А.Ж эки айга тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда шектүү көптөгөн техникалык каражаттарды кандай максатта топтогон, ишмердүүлүгү кимдер тарабынан каржыланган жана ал менен биргеликте башаламандыкты уюштурууга аракет кылган байланыштары такталууда.

Пикир

Оставить комментарий