• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада чет элдик жаранды бычактап, Казакстанга качып кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Ысык-Атада чет элдик жаранга бычак сайып, Казакстанга качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда Ысык-Ата райондук милициясына аймактык ооруканага Россиянын 24 жаштагы А.В. аттуу жараны денесине бычактан жаракат алып түшкөндүгү тууралуу билдирүү келген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүүгө аракеттенүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышты 38 жаштагы А.А. аттуу жаран жасаганы аныкталып, ал адам окуя болгон күнү эле Казакстанга чыгып кеткени такталган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий