• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте зордуктоого шектелген эки аскер кызматкери эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Бишкекте кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган А.Т.Б жана У.А.У. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук соту тарабынан шектүүлөргө 11-ноябрга чейин Бишкек горнизонунун гауптвахтасында камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды. Алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери кызды зордуктоого шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий