• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыяда “Женгонун” уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. УКМК тарабынан Кадыр Досоновдун (“Женго” каймана аты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Ош облусунун Ноокат районунун тургундары, 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О. кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-берененин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

М.Г.К.га тиешелүү (мамлекеттик номери 08KG257AGH) Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттары, ошондой эле “ТОЗ-8” маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16мм калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылып алынды.

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык М.Г.К. Баткен РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий