• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын мамлекеттик токой фондусунун жалпы аянты 2,5 млн гектарды түзөт

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Кыргызстанды мамлекеттик токой фондусунун жалпы аянты 2 млн 538,6 ми гектарды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Токой чарба кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы токой каптаган аянты 1253,8 миң гектарды түзөт.

"Мамлекеттик токой фондусунун жалпы аянты 2 млн 538,6 миң гектар, анын ичинен токой каптаган аянты 772,3 миң гектар. Мамлекеттик токой фондусу республиканын 41 токой чарбаларынын ыкчам башкаруусунда жайгашкан", - деди ал.

Ырсалиев белгилегендей, республиканын токой чарбалары тарабынан жыл сайын 12 тоннадан ашык токой үрөөнү жыйналат, токойду калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында жыл сайын 15 миллиондон ашык көчөт материалдары даярдалат жана аталган иштер үчүн токой породасынын 40тан ашык түрүн өстүрүшөт.

"Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жыл сайын 1 миң 200 гектардан ашык аянтка экме токойлорду отургузуу боюнча токой чарба иштери жүргүзүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий