• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Ысык-Атада 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Ысык-Ата райондук милициясына аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 33 жаштагы С.З. аттуу келин дене жаракаттары менен түшүп, каза болгону тууралуу маалымат келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында окуянын чоо-жайы такталып, өлгөн жарандын күйөөсү 40 жаштагы К.М. үйүндө арак ичип отуруп, уруш чыгарып аялын сабагандыгы аныкталды.

Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий