• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сауд Аравия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр

Экономика 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Сауд Аравия Падышачылыгы Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Мариповдун аталган өлкөнүн инвестиция министринин орун басары Бадр бин Ибрахим Аль-Бадр менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Элчинин маалыматына караганда, жакынкы арада Сауд Аравиянын Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет. Алар өлкөбүзгө келүү менен анын инвестициялык потенциалы, улуттук ири долбоорлор жана эки тараптын кызыкчылыгына төп келген дагы башка багыттары менен жакындан таанышып чыкмакчы.

"Аталган жумушчу топтун иш сапары боюнча биз Бадр бин Ибрахим Аль-Бадр менен болгон жолугушууда макулдаштык. Андан сырткары, биз жолугушууда алдыда боло турган кыргыз-сауд бизнес форуму жөнүндө жана эки тараптуу ишкерлик кеңешин түзүү тууралуу сүйлөштүк", - деди элчи.

Марипов кошумчалагандай, эки өлкөнүн энергетика, айыл чарба, логистика, туризм жана башка көптөгөн тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн потенциалдары абдан чоң.

"Биргелешкен долбоорлордун бир бөлүгү ишке ашырылып жатат. Ошондой эле бул арада Сауд Аравия тарап өзүн ишенимдүү өнөктөш жана инвестор катары көрсөтө алды", - деди Улукбек Марипов.

Пикир

Оставить комментарий