• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арзыбек Кожошев: “Экинчи кыргыз-британ бизнес-форуму эки тараптуу мамилелерге чоң түрткү берет”

Экономика 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Эртең, 28-февралда Бишкекте өтө турган экинчи кыргыз-британ бизнес-форуму эки тараптуу мамилелерди мындан дагы бекемдейт. Бул тууралуу бүгүн Экономика министри Арзыбек Кожошев Британиядан келген биринчи соода миссиясы менен жолугушууда билдирди.

“Биздин мамилелердин узак тарыхы бар. Өткөн жылдагы Лондонго иш сапарыбыз жана ал жакта кол коюлган макулдашуулар биздин эки тараптуу мамилелерге чоң түрткү берди. Мен эртең боло турган бизнес-форум экономикалык мамилелерибизди жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем”,-деди министр.

Ошондой эле, министр Кыргызстан – ачык саясий системалуу, демократиялуу жана парламенттик багыттагы чакан өлкө деп белгиледи. “Бирок британдык достордон көп нерсе үйрөнүүгө болот. Сиздердин өлкөңүздөр мамлекеттик башкаруу жана бизнес жүргүзүү жаатында чоң тажрыйбага ээ”,-деди ал.

Өз кезегинде Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд Смит бул жылы Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл болот деп белгиледи. “Бул форум өз убагында өткөнү турат, биз эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлөт деп үмүттөнөбүз. Британ өкмөтү кыргыз өкмөтү сыяктуу эле тышкы соода жаатында ушундай эле милдеттерди коет. Эки тараптуу мамилелерибиздин инвестиция жана соода жаатын мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүүнү каалайбыз. Анткени, ушул эки тармак тараптарга бирдей пайда алып келет”,-деди элчи.

Ошондой эле, ал Британия Кыргызстан менен консалтингдик кызмат көрсөтүү, энергетика жана билим берүү тармагында өз ара тыкыз аракеттерге кызыкдар деп белгиледи. “Кыргызстанга иш сапарыбыздын алкагында биз натыйжалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн ишкерлер менен пайдалуу жолугушуулардын болушуна, ошондой эле аталган миссиянын жыйынтыгында бул тармактарда айкын мамилелердин орношуна кызыктарбыз”,-деди Робин Орд Смит.

Пикир

Оставить комментарий