• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өткөн айда аткарган иштери боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 06.04.22./Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өткөн айда аткарган иштери боюнча маалымат берди.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейинки мезгилде Россия Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында элчилик төмөнкүдөй иштерди аткарды.

Отчеттук мезгилде элчиликтин кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Россиянын укук коргоо жана сот органдарынын, клиникалык ооруканалардын ж.б. катышуусу менен 17 жолу чыгуу ишке ашырылган. Атап айтканда, төмөнкүлөр аткарылды:

- РФ аймагына кирүүгө тыюуну алып салуу, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу, баңги заттары боюнча соттордо КР жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Москва шаарындагы жалпы юрисдикциядагы сотторго 6 жолу баруу;

- КР жарандарынын өлүмүнүн себептерин аныктоо жана алардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алуу максатында РФнын тергөө органдарына 2 жолу баруу;

- Борбордо убактылуу кармалып турган КР жарандарын өлкөдөн чыгаруу процессин тездетүү маселесин чечүү, ошондой эле аларды кармоонун шарттары менен таанышуу үчүн Москва шаарындагы РФ Ички иштер министрлигинин жарандарды убактылуу кармоочу жайына 1 жолу баруу;

- Борбордук Азия мамлекеттеринин биринин арызы боюнча кармалган Кыргызстандын жаранын бошотууга көмөк көрсөтүү максатында РФ прокуратурасына 1 жолу баруу;

- кайрылган КР жаранынын укуктук абалын жөнгө салуу максатында РФ ИИМдин миграция маселелери боюнча аймактык органына 1 жолу баруу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген КРн жаранына карата алдамчылык фактылары боюнча микрокредиттик уюмга 1 жолу баруу.

Ошондой эле Россиядагы Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринен алыс жайгашкан жана консулдук кызмат көрсөтүүгө муктаж болгон КР жарандарынын кайрылууларына байланыштуу элчилик тарабынан Самара жана Калининград шаарларында КР жарандарына үзгүлтүксүз көчмө консулдук кызматтар уюштурулган. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө 150гө жакын консулдук иш-чаралар аткарылган.

КР жарандарынын эмгек укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында иш берүүчүлөр тарабынан кармалып калган жана төлөнбөгөн эмгек акыны кайтарып берүүгө жалпы суммасы 271 миң рубль жардам көрсөтүлгөн.

Элчилик ошондой эле Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн ("Жүк-200") мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам иретинде жардам көрсөттү. Өз кезегинде мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн КРга жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди.

Отчеттук мезгилде консулдук иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында элчиликтин консулу А.Букалаев тарабынан төмөнкү жолугушуулар өткөрүлдү:

- 2022-жылдын 4-мартында «Сахарово» Көп функциялуу миграциялык борборунун жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө ЕАЭБ жарандарына Россия Федерациясынын аймагында жүрүү үчүн милдеттүү жол-жоболордон өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында миграциялык борборлорду түзүү маселеси талкууланды (КР ТИМ ККДнын директору А.Имангазиевдин иш-сапарынын алкагында);

- 2022-жылдын 9-мартында МБОО "Ночлежка" Москва филиалынын директору Д.Байбакова менен туруктуу жашаган жери жок адамдарга социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жолугушуу;

- 2022-жылдын 23-мартында РФ Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча Федералдык кызматынын жетекчилиги менен РФ аймагында жашаган КР жарандарынын эмгек укуктарын коргоо боюнча жолугушуу;

- 2022-жылдын 25-мартында РФ Федералдык Милдеттүү камсыздандыруу фондунун төрагасы Е.Е.Чернякова менен КР эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча жолугушуу;

- 2022-жылдын 30-мартында РФ ИИМдин Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү менен видеоконференция байланышы аркылуу миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулоо.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылып, биргелешкен профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери айтылды.

РФнын аймагында турмуштук оор кырдаалда турган КР жарандарына жардам көрсөтүүнүн алкагында, МБОО "Ночлежка" менен биргеликте элчилик тарабынан КР үй-жайы жок жарандарына өздүк документтерин калыбына келтирүүгө жана мекенине кайтып келүүгө көмөк көрсөтүү иштери башталды.

Оозеки кайрылууларды кароо боюнча элчиликтин иш-чараларынын алкагында дипломатиялык өкүлчүлүктүн интернет-кабылдамасына келип түшкөн 211 жарандардын кайрылууларына жана ишеним телефондору аркылуу 2500гө жакын жаранга жана "өзүн өзү тейлөө менюсу" чат – бот платформасы аркылуу 682 жаранга тиешелүү жооптор жана консультациялар берилди.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта элчилик КР жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 10 миңге жакын консулдук иш-чараларды жүргүзгөн. Анын ичинен:

- жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө – 1 882;

- ID-паспортторду даярдоо үчүн бланктарды каттоо – 735;

- КРнын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө – 277;

- жалпы жарандык (чет элдик) паспортторду берүү – 991;

- ID-паспортторду берүү – 470;

- КРнын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү – 290;

- мекенге кайтууга күбөлүк берүү – 1 297;

- консулдук каттоо / каттоодон чыгаруу – 1 794;

- ПИН дайындоо / оңдоо – 1 022;

- документтерди суратып алуу – 850;

- жаңы төрөлгөн балдарга улуттук каада-салт боюнча фамилия ыйгаруу, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү – 263;

- КРнын жарандыгына таандыктыгын орнотуу – 36;

- нотариалдык иш-аракеттер – 77;

- жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү – 7.

Жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү – 7.

Пикир

Оставить комментарий