• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиевдин Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору Д.Танг менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Женева шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун штаб-квартирасында болду. Анын жүрүшүндө туруктуу өкүл башкы директорго Кыргызстандагы учурдагы ички саясий кырдаал, анын ичинде жаштарга колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн университеттеринин алдындагы бизнес-инкубаторлорду түзүү чараларын камтуу менен Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ири социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө маалымат берди.

Ушуга байланыштуу, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму тарабынан Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес, маданият жаатындагы конкреттүү долбоорлор, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы квалификацияны жогорулатууга байланыштуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга практикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Башкы директор туруктуу өкүлгө Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалар жөнүндө кеңири маалымат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму интеллектуалдык менчик жаатында Кыргызстан менен толук кандуу кызматташуусун уланта берерине ишендирди.

Жолугушуунун соңунда А.Бейшеналиев БДИМУнун Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Д.Тангга ыраазычылыгын билдирип, аны ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий