• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри бала бакчалардын курулушу жана оңдоо иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу эки бала бакчанын капиталдык оңдоо жана курулушунун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр биринчи "Ак-Ордо" конушундагы бала бакчада болду. Ал жерде 280 орундуу балдар бакчасын куруу пландаштырылууда. Мекеме эки кабаттан турат. Биринчи кабатында оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөр, техникалык бөлмөлөр, кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, ал эми экинчи кабатта: музыка жана спорт залы, оюн бөлмөлөрү, ашкана, кабыл алуу бөлмөлөрү, жуунучу бөлмөлөр, сактоочу бөлмөлөр жана техникалык бөлмөлөр болот. Азыр котлованды казуу иштери башталды.

Жаряланган тендердин жыйынтыгында "Ак ниет курулуш" ЖЧКсы жеңүүчү аныкталып, курулуш иштери башталды. Объекттин жалпы наркы 96 326 552 сомду түзөт.

Андан кийин вице-мэр капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан "Ласточка" бала бакчасы менен таанышты. Учурда имараттын тышкы жылуулук изоляциясын орнотуу жана тышкы жылуулук тармагын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Имараттын ичин жасалгалоо, терезе блокторун, тетиктерин орнотуу, электр зымдарын орнотуу, чатырын иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Мекемеде жакшы жабдылган балдар аянтчасы көрктөндүрүлүп, айланасына тосмо орнотулду. Бардык жумуштар санитардык эрежелерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Бала бакчанын капиталдык оңдоо ишине шаардык бюджеттен 22,6 миллион сом бөлүнгөн. Эки кабаттуу имарат 105 балага (5 топ) ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий