• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнө чемпионатынын алкагында жаңы хоккей аренанын курулушуна капсула салынат — Токтоналиев

Спорт 0

Бишкек, 21.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте өтө турган 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында жаңы хоккей аренасынын курулушуна капсула салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков жер маселеси чечилсе хоккей аренасын курууга даяр экенин айтты.

“Федерация үч жылдан бери бул маселени көтөрүп келет. Биз бүгүн десе бүгүн курууга даярбыз. Каражат бар”, - дейт Болотбеков.

Болотбеков Кыргызстан боюнча үч жабык хоккей аренасы бар экенин кошумчалады.

“Бишкекте экөө жана Нарында бирөө. Бирок стандартка алардын бирөөсү гана жооп берет. Учурда Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдө хоккей спорту өнүгүп жатат”, - деди вице-президент.

Ал эми Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев дүйнө чемпионатынын алкагында жаңы хоккей аренанын курулушуна капсула салуу иш-чарасын өткөрүү пландалганын маалымдады.

“Жаңы эл аралык стандартка жооп бере турган чоң хоккей арена курулат. Курулуш иштери жүрүп, аягына чейин чыгабыз деген үмүттөбүз. Анткени бул боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан тапшырма берилген”, - деди Токтоналиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дүйнөлүк чемпионат 3-мартта Бишкекте башталып, ага Кыргызстан, Иран, Сингапур, Малайзия жана Кувейттин курама командалары катышат.

Пикир

Оставить комментарий