• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Анкарадагы Гази университетинде Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-ноябрында Түркиянын Анкара шаарындагы Гази университетинде кыргыз адабиятынын жана грамматикасынын негиздөөчүсү, акын, драматург, агартуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара университеттин окутуучулар жамааты менен студенттеринин катышуусунда өткөн.

"Элчи Кубанычбек Өмүралиев, аталган окуу жайдын ректору Муса Йылдыз жана профессор Хулья Касапоглу Ченгел сөз сүйлөшүп, анда Касым Тыныстановдун Кыргызстандын илим-билиминин өнүгүшүнө, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө Касым Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача видеоролик да көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий