• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Апрельское” алтын кенинин айланасында түзүлгөн кырдаал жөнүндө

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жергиликтүү бийлик менен инвесторлорду эл менен жолугушууларды уюштуруу, элге компаниянын максаттары, пландары, Катраң айыл аймагын өнүктүрүү боюнча программасын, жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүүчү социалдык пакеттер боюнча маалыматты жеткиликтүү түшүндүрүүнү, өзгөчө өндүрүш технологиясынын коопсуздугу боюнча кеңири маалымат берүүнү тапшырды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун аймагында кен байлыктарды иштетүүдө эл аралык нормаларга ылайык, калктын саламаттыгы, аймактын экологиясы мыйзам чегинде, белгиленген тартипте сакталууга тийиш.

Ошол эле учурда аймакта тартип бузууларга жол берилбейт, коомдук саясий абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, кечээ 14-апрелде, Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын тургундары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровко видео кайрылуу жасашкан.

Жыйынга Катраң айыл аймагынын 100-150гө жакын жергиликтүү тургундары катышып, Өзгөрүш айылынын күн батыш тарабында жайгашкан “Алмалуу” тоосунда орун алган ”Апрельское“ алтын кенин иштетүүгө каршы экендиктерин билдиришип, айылдык кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаев элдин атынан сөз сүйлөгөн.

2012-жылы КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Лейлек районунун Катраң айыл аймагында жайгашкан “Апрельское” алтын кенин иштетүүгө, Россиялык “Апрельское Эй Зет Ай” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берилип, бул кенди чалгындоо аракеттери көрүлгөн. Лицензиянын мөөнөтү 2022-жылы аяктайт. Азыркы учурда аймакта кенди изилдөө, чалгындоо, жол салуу иштери жүрүүдө. Кен казуу жумуштары баштала элек.

Бирок, 2012-жылы Катраң айыл аймагынын тургундары кенди иштетүүгө каршы чыгышып, кенди чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Алаурум” ЖАКтын мүлктөрүн талкалап, имараттарын өрттөп, инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр-чатак чыккан.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кенди иштетүү да убактылуу кийинкиге жылдырылган.

Бул окуядан соң “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧК арызынын негизинде, Катраң айылынын тургуну Сапарали Бөрүбаевге 2012-жылы Баткен облустук ИИБ тарабынан КРнын КЖКнын 174-беренеси (Бирөөнүн мүлкүн өрттөө аркылуу зыянга учуратуу) 234-беренси (Бейбаштык) 353-беренеси (Өзүм билемдик) жана 167-беренелеринде (Тоноочулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

2020-жылы 11-августта С.Бөрүбаев, жабырлануучу тарап С.Юрченкодон кечирим сурап, алар өз ара элдешип, кылмыш иши КРнын ЖПК 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12,13-пунктунун негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

Ошондой эле, 2020-жылы С.Бөрүбаев Лейлек районунун тургунун сабагандыгы үчүн, 234-беренеси (Бейбаштык) беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылып, камакка алынган. Төрт айдан соң, С.Бөрүбаевдин атасы КРнын Президентине кайрылып, кечирим сурап, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жоопкерчиликтен бошотулган.

С.Бөрүбаев учурда Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы.

Белгилей кетсек, “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧКсы тарабынан лицензия үчүн салык төлөмү Катраң айыл өкмөтүнө төлөнүп келген жана анын суммасы бүгүнкү күнгө карата 21 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧКнын өкүлдөрү болуп өткөн окуя боюнча облустук жетекчиликке кайрыла элек.

Орун алган бардык окуялар мыйзам чегинде гана чечилүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий