• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта эрте никеге туруунун терс жагдайлары түшүндүрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Сузак районунда эрте никеге туруунун терс жагдайлары түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБи тарабынан район аймагында «Өспүрүм балдардын укугун коргойбуз – эрте никеге жол бербейбиз» аталышындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чарага райондук балдарды коргоо бөлүмү, айыл башчылары, имамдар жана саламаттык сактоо мекемелери да катышып, жергиликтүү элге маалымат беришүүдө.

Милиция кызматкерлери учурдагы кырдаалга байланыштуу чакан форматта район тургундары менен сүйлөшүлөрдү жүргүзүшүп, эрте никеге туруунун алдын алууга чакырышууда. Айыл аксакалдары, мечит кызматкерлери, аялдар жана жаштар кеңештеринин мүчөлөрү менен биргеликте коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо керектиги белгиленди. Ар бир ата-эне өз балдарынын келечегине кам көрүп, алардын кайда жана эмне иш менен алектенип жатканын тыкыр көзөмөлгө алып туруу зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий