• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араван районундагы оорукана жана билим берүү мекемелери текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Араван райондук аймактык ооруканасындагы бейтаптарга берилүүчү тамак-аштын сапатын, оорукананын чарбалык маселелерин жана кышка даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Рейдтин жүрүшүндө оорукананын ашканасында, чарбалык тармагында көйгөйлөр бар экени аныкталды. Буга байланыштуу аталган маселелерди чечүү боюнча оорукана жетекчилигине бир ай убакыт берилди. Эгерде бир ай аралыгында көйгөйлөр чечилбесе оорукана жетекчисине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү айтылды.

Мындан сырткары, Данияр Жаныкулов Араван районундагы №22 А.Кадыров атындагы орто мектебинин кышка даярдыгын, окуучуларга берилүүчү шашке тамактын сапатын текшерди. Рейд учурунда аталган мектепте бир катар көйгөйлөр бар экени ачыкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы жана тиешелүү кызматтардын корутундусунун негизинде Араван райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин жана №22 А.Кадыров атындагы орто мектебинин жетекчисинин ишмердүүлүгүнө баа берилип, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий