• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Арча-Бешик" жаңы конушунда канализация куруу иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда.

Муниципалитеттин баса сөз кызматы билдиргендей, узундугу 4,8 чакырым болгон канализация тармагы “Арча-Бешик” жаңы конушунда курула баштады. Канализация 2000ге жакын адам жашаган, 470ке жакын үйдү камтыйт. Канализацияны салууда диаметри 150 жана 300 мм болгон ичинде басым жок болгон асбест-цемент түтүктөрү колдонулат.

Азыр жумуш Чортеков, Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүндө жүрүп жатат.

Тендерди "Dream Stroy" курулуш компаниясы жеңип алган. Жумуш план боюнча, 2022-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүлүүсү шарт.

Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 12 млн 827 миң 541 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий