• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ардагер мугалимдин үй-бүлөсү демөөрчүлүк көрсөтүп 300 кожолукка таза суу чыгарып берди

Аймак 0

Бишкек, 04.09.17 /Кабар/. Исфана шаарынын Чымген айылында таза суу түтүгүнүн ачылуу аземи болуп өттү. Аземге КРнын Президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Чымген айылынын тургундарынын көйгөйү болуп келген таза суу маселеси чечилип, айыл элине учурда үзгүлтүксүз таза суу берилип баштады.

Буга чейин аталган айылга эки, үч күндө бир сааттан гана таза суу берилип турган. Мындан улам ушул айылдын тургуну, КРнын эмгек сиңирген мугалими, Исфана шаарынын ардактуу атуулу Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү элдин суу муктаждыгын чечүүгө бел байлап, өз каражатынын эсебинен таза суу линиясын куруп берди.

Таза суу насостук станциянын курулушуна жалпысынан 600 миң сом каражат жумшалды. Натыйжада 300дөн ашуун кожолук үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болду.

Белгилеп кетүүчү нерсе таза суу Чымген булагынан тартылды. Ошондуктан алдыда насостук станциянын айланасын тосуу жумуштары менен булак суусуна жолоочулар зыярат кылуучу жай да курулат дейт демөөрчүлөр.

Пикир

Оставить комментарий