• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айбек Артыкбаев Палестинанын элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси (айкалаштыруу менен) Жавад Мухаммед Аваддан ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, А.Артыкбаев Ж.Авадды жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-палестин мамилелеринин өнүктүрүүдө ага ийгиликтерди каалап, Кыргызстан Палестина менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, атап айтканда, укуктук-келишим базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги байланыштарды түзүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде, Ж.Авад А.Артыкбаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө зарыл болгон күч-аракетин жумшап, дайыма байланышта боло тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий