• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арзыбек Кожошев Ислам банкы тобунун төрагасы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.03.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) тобунун төрагасы Мухаммад Сулейман Аль-Джасер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы жана инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жеке секторду колдоо сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Ислам өнүктүрүү банкы ата мекендик экономиканы чыңдоого жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга чоң салым кошууда.

Өз кезегинде финансы-кредиттик мекеменин төрагасы биздин өлкө менен мындан ары ийгиликтүү кызматташууга жана банктын Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго катышуусуна ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий