• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арзыбек Кожошев парламенттик шайлоого келген КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү парламенттик шайлоого КМШнын байкоочулар миссиясынын башында келген Россиянын Эркин шайлоо фондунун кеңешинин төрагасы Василий Волков менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Арзыбек Кожошев белгилегендей, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу парламенттик шайлоо ачык жана айкын, административдик ресурс колдонулбай, шайлоо комиссияларынын ишине аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүз өтүп жатат, ал эми бардык талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей шарттар түзүлдү.

Ошондой эле, Арзыбек Кожошев шайлоо процессине кийлигишүү фактылары аныкталган учурда ага тиешеси бар адамдар мыйзам чегинде жоопкерчилик тарта турганын билдирди.

Арзыбек Кожошев Василий Волковго шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана парламенттик шайлоону өткөрүүдө коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Василий Волков алдыдагы шайлоону уюштуруунун жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары ар дайым жакшы жакка өркүндөтүлүп жатканын баса белгиледи.

«Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттерди ырааттуу жана ишенимдүү чечүүдө», - деди Василий Волков.

Пикир

Оставить комментарий