• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арзыматова: Ротация – бул мамлекеттик башкаруунун алгылыктуу принциби

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн райондорунун акимдерин ротациялады. Жарлыкта көрсөтүлгөндөй, бул кызыкчылыктардын кагылышын жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында жасалды.

Ротация – бул мамлекеттик башкаруунун алгылыктуу принциби, ал чиновниктердин тууган-уруктарынын курчоосунда калбай турган жыйынтыкка жетүүгө жардам берет. Мындай пикирин Ж.Баласагын атындагы КУУнун дүйнөлүк тарых кафедрасынын жетекчиси Айнура Арзыматова билдирди.

“Бирок, бизде кадрлардын деңгээли сыяктуу башка дагы көйгөй бар. Башкы жетишсиздик – акырындык менен ар кандай кызматтарга ээлик кылган тууган-уруктун көптүгү. Чиновниктер принципиалдуу болушу үчүн мыкты даярдыктан өтүшү керек. Мунун бары бир нерсеге байланыштуу. Эң башкысы чиновниктерди ээлеген кызмат ордуна даярдаш керек, чиновник өз ишинде калыс болобу же жокпу. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн ушул жетишсиз. Азыр аймактардагы чиновниктердин иши актуалдуу болуп жатканына күбө болуудабыз. Социалдык-экономикалык жаатта аймактар артта калып жатат. Мисалы, алыска кетпей эле жакында эле Баткенде болгон окуяны эстейли. Эл менен иштөө бул олуттуу маселе. Акимдердин алдында чоң милдет турат – эл менен иштөө, а бул дагы деле болсо аксап турат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгына ылайык, мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат.

Ушул жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий