• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашхабад аэропортунда аялдарды эл аралык каттамдардан алып салышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Түркмөнстан аялдары өлкөдөн чыгуу учурунда кыйынчылыктарга туш болушууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бир нече күн мурун бир аял миграциялык кызматтан маалымкаты болбогондуктан, Түркияга учуп кете албай калганын жазды.

«Эмгек өргүүгө чыкканбыз. Күйөөмдөн миграциялык маалымкат сурашкан жок, мени болсо ансыз учакка киргизбей коюшту. Акчабыз текке кетти, санааркадык», - деди түркмөнстандык аял.

Дагы бир түркмөнстандык аял беш баласын багуу үчүн Түркияга кеткенин, Ашхабад аэропортунда өзү менен бирге барган тааныштары уча албай калганын ырастады.

"Мен Түркияда иштөө үчүн аэропортко келдим, мени менен кошо айылдаштарым да келишкен, бирге учууну чечкенбиз. Бирок каттоо учурунда миграциялык кызматкерлер бир айылдан экенибизди түшүнүп, паспортторубузду алып коюшту. Алар бизди бир бөлмөгө алып кирип, сапардын максаттарын сурашты. Сурактан кийин мени коё беришти да, калган аялдарды кармап калышты», - деди атын атагысы келбеген түркмөнабаддык аял.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жыл башынан бери ушул сыяктуу окуялар бир нече жолу кайталанганын жазган. Миграциялык кызматкерлер айрым учурда эч себепсиз эле жарандарды каттамдан алып коюшат.

Пикир

Оставить комментарий