• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашхабаддын борборун суу каптады

Дүйнө 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Ашхабадда бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам ондогон көчөлөрдү, имараттарды суу каптады.

Ак жаандан дээрлик Ашхабаддын борбордук бөлүгү суу алдында калды.

"Жамгыр бир аптадан бери токтой элек. Жерге суу сиңбей калды. Буга байланыштуу Подовой жана Совет трассаларынан суу акты. Экөө тең протоколдук көчө. Кямиль универмагынын кампасындагы азык-түлүктөрдүн көбү жарабай калыптыр", -деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Учурда жаандын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Пландан тышкары ишембиликтер өтүп, арыктарды, көчөлөрдү баткактан арылтышууда. Тазалык иштерине бардык мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер тартылды.

Бир жумадан бери жамгыр жаап жатканына карабай, Түркмөнстан ММКлары анын кесепеттери туурасында кабар беришкен жок. Аба ырайы тууралуу маалыматтарда дагы эскертүүлөр болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий