• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанадагы мушташка катышкан Индиянын 30дан ашык жараны депортацияланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Астанада «Абу-Даби Плаза» курулуш аянтындагы мушташты баштагандардын арасында Индиянын жарандары бар. Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн жыйынында өлкөнүн ички иштер министри Калмуханбет Касымов билдирди.

Анын айтымында, мушташтын чыгышына чет өлкөлүктөрдүн өткөрүү бекеттериндеги эрежелерге баш ийбей койгондугу себеп болгон. Курулушчулар текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, күзөтчүлөргө кол көтөрүшкөн. Андан соң күзөт агенттигинин кызматкери кошумча күч чакырып, Индиянын үч жараны сабалган.

"Кийин сабалган индиялык жарандар кайра келип, күзөт постуна таштарды ыргытышкан. Андан соң бул тууралуу полицияга кабар берилген. Анда окуяга катышкандардын көбүнүн англис тилин билбегендиги көйгөй жараткан, мындан улам элчиликтин кызматкерлеринен жардам сурадык", – деди министр.

Андан тышкары белгисиз адамдар Индиянын дагы эки жаранын алыс эмес жердеги кафеде сабап салышкан. Чет өлкөлүктөр турган жатакананын айланасына ачууланган жергиликтүү тургундар топтолушкан. Жыйынтыгында 56 киши полиция бөлүмүнө жеткирилип, 8и 5 суткадан 15 суткага чейинки мөөнөткө административдик камакка алынган.

Министр бул иш боюнча жоопкерчиликке казак жарандары гана тартылбастыгын кошумчалады: «Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга күнөөлүүлөрдүн бардыгы аныкталды, учурда көрсөтмө берип жатышат. Көчөдөгү мушташка катышкан Индиянын 30-40 жаранын департациялоо маселеси соттун чечими менен кабыл алынат. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Биздин күзөтчүнү сабаган индиялыктарга жана Индиянын жарандарын сабаган күзөтчүлөргө кылмыш иши козголду».

Абу-Даби Плаза комплексинде чет өлкөлүк курулушчулар менен жергиликтүү күзөтчүлөрдүн ортосундагы массалык мушташ 2-сентябрь кечинде болгон.

Пикир

Оставить комментарий