• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ата-Түрк" сейил багында кызды тоноп, эркек кишини токмоктогон шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында кызды тоноп, эркек кишини токмоктогон шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кечээ, 17-ноябрда болжол менен саат 19:10до "102" кызматына "Ата-Түрк" сейил багында чөнтөк телефон тонолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милицияга 21 жаштагы Т.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:30да белгисиз жаран арыз ээсине күч колдонуп, баасы 15 миң сомдук телефонун тартып алган.

Жазылгын арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда, ошол эле сейил бактагы 53 жаштагы К.М. аттуу дагы бир жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран арыз ээсин ур-соккуга алган.

Издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берене (Тоноо) жана 266-берененин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий