• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Чет өлкөлүктөрдөн опузалап акча алып турган Ош аэропортундагы бажы кызматкери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жүргүзүлүп жатат.

"Манас" эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылымыш аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара алуу") боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш., кармалып УКМК тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З.А., үй камагына чыгарылды.

Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий