• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Атанын керээзи” тасмасы – Якутия кинофестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Режиссер Эрмек Мукул менен Дастан Жапардын “Атанын керээзи” тасмасы V Якутия Эл аралык кинофестивалында конкурстын негизги катышуучуларынын катарына киргизилди.

Кинофестиваль 6нан 10-сентябрга чейин өткөрүлөт. Бардыгы болуп негизги сынакта сегиз тасма катышат. Алардын арасында россиялык режиссер Борис Хлебниковдун “Аритмия” картинасы жана корей режиссеру Ким Ки Дуканын жаңы “Сеть” тасмасы бар. Бул тууралуу продюсер Эрмек Мукул билдирди.

Фестивалдын негизги конкурсунда төмөнкү тасмалар катышат:

  1. “Аритмия”, реж. Б. Хлебников / Россия, Финляндия, Германия, 2017
    2. “Атанын керээзи”, реж. Д. Жапар уулу, Б. Мукул / Кыргызстан, 2016
    3. “Костер на ветру”, реж. Д. Давыдов / Россия (Якутия), 2016
    4. “Кэрэл. Невидимая красота”, реж. И. Портнягин, В. Макаров / Россия (Якутия), 2017
    5. “Ньютон”, реж. А. В. Масуркар / Индия, 2017
    6. “Саамская кровь”, реж. А. Кернелл / Дания, Швеция, Норвегия, 2016
    7. “Сеть”, реж. К. Ки-Дук / Түштүк Корея, 2016
    8. “Тараз”, реж. Н. Адамбай / Казакстан, 2016.

Иш чаранын уюштуруучулары – Саха (Якутия) Республикасынын өкмөтү, РФнын маданият министрлигинин колдоосу менен биргеликте жана Россия киноматографисстер Союзу.

“Атанын керээзи” жаш Азат деген бала тууралуу. Ал арадан көп жылдар өткөн соң, атасынын керээзин аткаруу үчүн мекенине кайтып келет.
Тасма “Эльфильм” студиясында “Кыргызфильм” менен биргеликте тартылган.

Пикир

Оставить комментарий