• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азамат Жаманкулов “Көк бөрү” федерациясынын президенти Талас Бегалиев менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-мартта КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жаңы шайланган “Көк бөрү” федерациясынын президенти Талас Бегалиев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр жаңы шайланган жетекчинин иштерине ийгиликтерди каалап, алды жасала турган иш-аракеттер тууралуу баарлашты.

Сүйлөшүүнүн алкагында Талас Бегалиев 21-март Нооруз майрамына карат жыл сайын өтүп келе жаткан “Көк бөрү” турнири тууралуу маалымат берип, даярдыктар талкууланды.

Эске салсак, “Нооруз” майрамына карата Чолпон- Атадагы ат майданда Көк бөрү боюнча турнир 13-21-мартка чейин өтүп, финалдык оюн Нооруз күнү болот. Команадалардын чучу-кулак кармоосу 12- март күнү саат 17:00 өтөт.

"Учурда бул улуттук оюнадарга карата даярдыктар өз нугунуда жүруп жатат", - деп маалымдады Талас Бегалиев.

Пикир

Оставить комментарий