• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия кубогу-2019: КР менен Мьянма ортосундагы болбой калган беттеш 10-октябрда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 05.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Мьянма ортосундагы беттеш 10-октябрда өтөт. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оюн Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwunna YTC стадионунда өтөт.

Кыргызстандын курама командасы оюнга карата даярдана баштады.

Эске сала кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянма өлкөсүнүн футболдук беттеши болмок.

Пикир

Оставить комментарий