• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азия оюндарына байланыштуу Ашхабадда 50дөй дүкөн жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Ашхабадда Азия оюндарынын алдында Олимпиада шаарчасына жакын жайгашкан 50дөй жеке дүкөн жабылды.

Жеке дүкөндөрдүн ээлеринин айтымында, өткөн аптада шаардык администрациянын кызматкерлери, салык инспекциясы жана Соода министрлигинин өкүлдөрү соода түйүндөрүн жабууну талап кылган.

Сатуучулар дүкөндөрдүн жабылышы менен көптөгөн товарлар сатылбай, чыгашага учурашканын билдиришүүдө.

Олимпиада шаарчасына жакын жайгашкан жеке дүкөндөрдү жабуу боюнча көрсөтмө жылдын башында берилген.

Азияда-2017 оюндары 17-27-сентябрь айында өтөт жана ага 200 миңден ашуун конок келет деп кабарланган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий